Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Украина Орусиянын газ транзити чектелерин жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын газ транспорттук оператору 11-майдан тартып Орусиянын газынын үчтөн бирин Европага транзиттөөнү токтоторун жарыялады. Мунун себеби компрессордук станциялардын бири жайгашкан аймак Луганскидеги орусиячыл жикчилердин карамагына өткөндүгүндө экени айтылды.

“Газпромго” транзиттик агымды буруу сунушу берилди. Транзит токтогондугу үчүн жоопкерчиликти Украина Орусияга жүктөдү.

Орусиянын газ концернинин расмий өкүлү Сергей Куприянов "Газпром" форс-мажор жагдай тууралуу эч кандай так маалымат албаганын билдирди.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Украина бул өлкөнүн газын Европага транзиттеп өткөрүүчү мамлекеттердин бири. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG