Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

Депутат Акаев Ширшовдун бошотулушун жемкорлукка каршы саясатка көө жапкан окуя деп атады


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов издөөдө экенине карабастан Кыргызстанга кенен кирип-чыгып жүргөнү жана кылмышка шектүү катары кармалган күнү эле кайра бошотулганы Кыргызстандагы коррупциялык схемаларга каршы күрөшүү саясатына көө жапты деген пикирин бүгүн 11-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди.

Ал Интерполдун жана Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөн Ширшов соңку бир жылда Кыргызстанга канча жолу кирип-чыкканы, эмне үчүн суракка чакырылбаганы тууралуу депутаттык суроо-талабын Чек ара кызматына 28-апрелде жөнөткөнүн, алигүнчө жооп ала электигин, маалыматты жашырып, “көрүнгөн кишини ортого салып жатышканын” айтты:

“Ширшов деген фамилия коррупциялык схема деген сөздүн синоними. Энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсү кечээ жарым сутка кармалып, кайра кое берилди. Эмне, коррупцияга каршы күрөш ушубу Кыргызстанда? Ширшовдун схемалары кайрадан иштеп баштадыбы? Эмне үчүн ушундай маселелерде мамлекеттик бийлик, күч органдарынын жетекчилери катуу туруп, элдин суроо талабын укпайт?".

Кымбат баалуу кыймылсыз мүлк мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарылганы, тагыраагы - “Аврора Плюс” эс алуу борборунун аймагынан кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөнү боюнча кылмыш иши иликтенип жатканын, бул коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары Жазык кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде шектүү катары Ширшов кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 10-майда билдирген.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылган жана мындай бөгөт чарасынын мөөнөтү 26-майга чейин деп аныкталган.

Ширшовду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы өзү кайрылганы белгилүү болду.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган, Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов 2010-жылы Бакиевдер качканда өлкөдөн чыгып кеткен. Анын аты Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жемкорлук боюнча иште да аталган. Адвокат Алексей Елисеев бул иш боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок экендигин «Азаттыка» 2019-жылы билдирген.

Ширшовдун жактоочулары же тарапкерлери азырынча комментарий бере элек.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG