Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Индиялык жаранды сабоого шектүүлөр кармалды


Видео байкоого тартылган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек, 8-май, 2022-жыл.
Видео байкоого тартылган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек, 8-май, 2022-жыл.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, индиялык жаранды Бишкектеги кафелердин биринде сабоого шек саналып, эки адам кармалды. Маалыматка ылайык кармалгандардын экөө тең 22 жашта.

Милиция жарандарды кандайдыр бир кылмыш аракеттери же мыйзам бузуулар түшкөн видео жана сүрөттөрдү алдын ала социалдык тармактарга жарыялабоого чакырып, бул шектүүлөрдү кармоого тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

Окуя боюнча Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

8-майга караган түнү милицияга Улуттук госпиталга ур-токмокко кабылган 22 жаштагы индиялык жаран жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда ал достору менен кафеде отурганда белгисиз үч кишинин ур-токмогуна эч себепсиз кабылганын айтып берген жана аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.


Бишкекте Индиянын жүздөгөн жараны жашайт. Алар негизинен жогорку окуу жайларда окуган студенттер.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG