Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун жүз чакырымдайы убактылуу жабылат


Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу.
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу.

Бүгүн 11-майдан тартып Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки тилкеси бир жумага убактылуу жабылат. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим 195–291-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, таш түшүү коркунучу жаралып жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-майга чейин тоолуу аймактарда жаан-чачын көп болорун эскертүүдө.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автоунаа жолунан таш кулап, жол жүрүү өтө кооптуу болуп жатканы тууралуу маселе 21-апрелде Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев жол шашылыш салынгандыктан кооптуу жерлер бар экенин айткан.

Аралдан Казарманга чейинки 100 чакырымдык тилке пайдаланууга былтыр ноябрда берилген.

Кыргызстандын Фергана тоо кыркасы бөлүп турган эки аймагын байланыштыруучу бул жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG