Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Тажикстанда кармалып, качып кеткен кыргыз жараны боюнча иш козголду


Чек арада кармалган "Камаз".
Чек арада кармалган "Камаз".

Кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өттү деп шектелип жаткан кыргыз жаранына байланыштуу Кыргызстанда кылмыш иши козголгонун 11-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 30-апрелде болгон. Тажикстандын чек арачылары Согд облусунун Исфара районундагы Кожало айылынан чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча “КамАЗ” машинасын кармашкан. Анын айдоочусу Кыргызстандын Баткен облусунун тургуну экени аныкталган. Кармалган учурда ал тажик чек арачыларынан качып, Кыргызстан тарапка өтүп кеткен.

Факт боюнча Кыргызстандын Жазык кодексинин “чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тажик тарап кармалган “Камазды” Кыргызстанга өткөрүп берди.

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев Тажикстандын абактарында бүгүнкү күндө 13 кыргызстандык бар экенин, алардын экөө эркинен өмүрүнүн аягына чейин ажыратылганын быйыл 6-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан. Тажикстанда камалып отургандардын көбүнө чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу айыптар тагылган. Жакындары аларга айып негизсиз коюлганын айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG