Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Майыптыгы бар бала баккан камкорчулардан салык албоо сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова майыптыгы бар баланы караган камкорчуларды патент аркылуу салык төлөө милдетинен бошотууну сунуштоодо. Депутат Салык кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл деп эсептейт.

2019-жылдын 1-январынан тартып, багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистенти - камкорчунун кызмат көрсөтүүсүнө айлык акы төлөнө баштаган. 4900 сомду түзгөн айлык акы бекитилген күндөн бери көбөйтүлө элек. Бул айлыкты алуу үчүн майыптыгы бар баланын камкорчусу алдын ала 1177 сом салык төгүп, патент алууга милдеттүү.

2021-жылы Кыргызстанда 8 281 майыптыгы бар баланын жеке камкорчуларына республикалык бюджеттен 491 647 сом, анын ичинде 70 миң сом патент үчүн төлөнгөн.

2022-жылдын январынан тартып 1177 сом салык төлөп, патент сатып алуу камкорчулардын өзүнө жүктөлгөн. Майыптыгы бар бала баккан камкорчулар бул үчүн райондун борборуна ай сайын каттоо кыйынчылык жаратып жатканын айтып, нааразылык билдирип келет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 199 миң майыптыгы бар адам катталган. Анын 35 миңи - балдар. Анын ичинде 8 миңден ашуун бала "ар дайым багууга жана кароого муктаж" деген корутунду менен каттоодо турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG