Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Украиналык топ Eurovision-2022 ыр сынагынын финалына чыкты


«Калуш Оркестра» тобу Туринде өтүп жаткан ыр сынактын финалында. 10-май, 2022-жыл.
«Калуш Оркестра» тобу Туринде өтүп жаткан ыр сынактын финалында. 10-май, 2022-жыл.

Украиналык «Калуш Оркестра» тобу эл аралык Eurovision-2022 музыкалык сынагынын финалына чыкты. Алардын аткаруусундагы «Стефания» деген ырды топтун солисти Олег Псюк өзүнүн энесине арнаган. Бул чыгарма Украинадагы согушка чейин эле жазылган.

Быйыл сынак Италиянын Турин шаарында өтүп жатат. Украиналык топ сахнага чыкканда көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Ошондой эле финалга Швейцария, Армения, Исландия, Литва, Португалия, Норвегия, Грекия, Молдова жана Нидерланд жолдомо алды.

Быйыл Орусия Украинага кол салганы үчүн конкурстан четтетилген. Жеңүүчү 14-майда аныкталат.

«Калуш Оркестра» – 2019-жылы негизделген рэп багытындагы топ. Буга чейин Украина эки жолу аталган сынакта жеңишке жеткен.

XS
SM
MD
LG