Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Орусияда беш аймактын губернатору кызматтан кетти


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин беш аймактын губернаторлору кызматтан кеткенин жарыялашкандан кийин бир нече саат өтпөй, ордуна жаңыларын дайындады.

Кремл 11-майда билдиргендей, Путин Киров, Рязан, Саратов, Томск облустарынын жана Марий Эл республикасынын башчыларынын милдетин аткарууга тандалган адамдар менен жолукту.

Путин адатта шайлоо алдында аймак жетекчилерин такай алмаштырып келген. Анын бул жолку кадамын Путин орус армиясынын Украинада жеңишке жете албаганына нааразы болгону менен байланыштырып жатышат.

Дайындалгандардын баары Путиндин ашынган тарапташтары катары белгилүү.

10-майда АКШнын чалгын кызматы Путин Украинада узакка созулчу жаңжалга даярданып жаткан болушу мүмкүн деген боолгосу менен бөлүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG