Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Бишкекте башаламан сооданы тыюу үчүн рейд жүрүүдө


Рейд учуру. Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Рейд учуру. Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкектеги Биринчи Май райондук акимчилиги милиция менен чогуу көчө боюндагы башаламан соода кылгандарга каршы рейд жүргүзүп жатат.

Эркиндик гүлбагындагы жана "Ала-Тоо" аянтындагы түрдүү оюн-зоок автоматтары, суусундук, балмуздак жана башка тамак-аштарды мыйзамсыз саткан соода түйүндөрү, Сүрөтчүлөр галереясындагы караоке алынды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд күн сайын саат 18:00-01:00 аралыгында жүрөт.

Ошондой эле түрдүү мекеме-ишканаларды айланта курчаган темир торлор да алынып жатат. "Тазалык" ишканасы жергиликтүү бийлик менен чогуу буга чейин бир катар жогорку окуу жайлардын, мамлекеттик жана башка ишканалардын тосмолорун алганы кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG