Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштери сотко өткөнүн маалымдады


Болот Темиров. Коллаж.
Болот Темиров. Коллаж.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштери Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөнүн "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтуусунда, кылмыш ишине "жашыруун" деген белги менен дагы иштер киргизилген. Ал таанышуу учурунда андай белги менен иштер болбогонун, бул соттук отурумду жабык өткөзүү үчүн атайын жасалышы мүмкүн экенин белгиледи.

Укук коргоо органдары, сот бул тууралуу маалымат бере элек.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналист муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында Ютубдагы Temirov Live каналы Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Жыл башында Бишкек милициясы Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси ("Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо") менен иш козгогон.

Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын айтып келатышат. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин Темировго коюлган айыптарды алып салууга жана анын мыйзамдуу журналисттик ишмердигин коркутуу жана куугунтуксуз жүргүзүүгө чакырышты.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) кыргызстандык журналистке козголгон кылмыш иштеринин саясий жүйөсү бар экенин белгилеп, кайрылуу жолдошту. Кайрылуу 3-майда Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмунун сайтына жарыяланды. Анда Темировго козголгон кылмыш иштери Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу доо кетиргени айтылат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG