Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Турсун Турдумамбетовго козголгон кылмыш иши уланууда


Турсун Турдумамбетов
Турсун Турдумамбетов

Мурдагы мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго карата 2017-жылы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-майда маалымдады. Ага ылайык, Турсун Турдумамбетовго карата 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу") менен козголгон кылмыш иши былтыр декабрда ушул эле кодекстин 336-беренесине ("Коррупция") квалификацияланган.

УКМКнын маалыматында Турдумамбетов менен чогуу Мамлекеттик мүлктүн көзөмөл-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысы К.Б.К. ысымдуу адамга жана “Кадамжай сурма комбинаты” ишканасынын жооптуу адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгону да кабарланган.

Турсун Турдумамбетов 2001-2010-жылдары Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган.

2010-жылы Бакиевдин бийлиги кулаганда экономикалык кылмыштары үчүн кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. 2010-жылы 12-майда кармалып, көп өтпөй бошотулган. 2012-жылы октябрда кайрадан кармалганы кабарланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG