Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Жогорку Кеңеш кумарканалар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат.

Өкмөт мыйзам долбоорун март айында демилгелеп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштаган.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен.

Кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.

"Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоорунда анын максаты инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү экени айтылат.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоорун билдирип, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

XS
SM
MD
LG