Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Тегеран Ирактын Эрбил шаарын аткылаганы кабарланды


Ирактагы күрт аскери. 20-октябрь, 2017-жыл.
Ирактагы күрт аскери. 20-октябрь, 2017-жыл.

Ирандын "Тасним" маалымат агенттиги 11-майда Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном районунун баш калаасы Эрбилге чабуул койгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусу Эрбилдеги "террордук топтордун турумдарын" бутага алган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

"Ирактын түндүгүндөгү террордук топтордун, анын ичинде Күрдистан демократиялык партиясынын штабы буга чейин да бир нече жолу бутага алынган",-деп жазды "Тасним".

Марттын орто ченинде сакчылар корпусу Эрбилге баллистикалык ракеталар менен сокку урушкан.

Тегеран өз кадамын Эрбилде “Израилге караштуу стратегиялык борбор бар экени” менен түшүндүргөн, күрд бийлиги муну төгүндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG