Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Иран бийлиги эки европалыкты камакка алганын билдирди


Тегерандагы Евин түрмөсүнүн кире бериши.
Тегерандагы Евин түрмөсүнүн кире бериши.

Иран бийлиги Европадагы бир мамлекеттин эки жаранын камакка алганын билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары Чалгын министрлигине таянып "эки европалык өлкөдө жапырт башаламандыктарды уюштурганы үчүн камалды" деп жазды. Башка кеңири маалымат чыккан жок.

Бул кабар өзөктүк келишимди жандандыруу максатында сүйлөшүү үчүн Тегеранга Евробиримдиктин атайын өкүлү Энрики Мора барган маалда жарыяланды.

Өткөн жумада Швеция турист катары саякаттап жүргөн жарандарынын бири Иранда кармалганын билдирген. Бирок Ирандын Чалгын министрлиги тараткан билдирүүдө кеп ал жөнүндө болуп жатканы белгисиз. IRNA агенттиги "чет элдик кутумчулар" Иранга бүлүк салуу үчүн эки "тажрыйбалуу агентин" жөнөткөнүн жазды.

Ошол эле маалда Тегеран 2016-жылдан бери камакта жаткан ирандык-швециялык иликтөөчү Ахмадрез Жалалини 21-майга чейин дарга асарын билдирип, коркутуп жатат. Ал эми Швецияда Ирандын жараны өмүр бою эркинен ажыратылышы күтүлүүдө.

Ирандагы 1988-жылкы аскердик кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн деп айыпталып жаткан Хамид Нурини швед прокуратурасы өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылып жатат.

33 жыл мурда Иранда бийликтин буйругу менен беш миңдей саясий туткун дарга асылган. Швед айыптоочуларынын жүйөсүнө караганда, Хамид Нури ал кезде Гохардашт түрмөсүндөгү прокурордун кеңсесинде иштеген жана жырткычтык аракеттерге тиешеси болушу ыктымал. Ал 2019-жылы Стокгольмдо камалган. Ага өкүм 14-июлда чыгары күтүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG