Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Президент КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду


КТРКнын студиясы.
КТРКнын студиясы.

Президент Садыр Жапаров "Улуттук телерадио корпорациясы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу "Токтом" порталы 11-майда жазды.

Буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми Улуттук телерадио берүү корпорациясынын (УТРК) башкы директорун дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот. Каналдын байкоочу кеңеши жоюлуп, жетекчи аткарылган иштер тууралуу жыл сайын президентке маалымат берип турат.

“Улуттук” макамга ээ болгон корпорациянын бюджети көбөйүп, кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөрү айтылган. Буга казынадан кошумча 9 млн. сом керек болот.

КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.

КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон.

"Улуттук телерадио корпорациясы жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш 6-апрелде кабыл алган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG