Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Орусияда кыргызстандык келин соттолууда


Орусияда ири өлчөмдө акча уурдоого шек саналган кыргызстандык келинди 10 жылдык камак коркунучу тооруп турат.

Адвокат ал алдамчылардын торуна түшкөнүн айтып, күнөөсүз экенин далилдөө үчүн Кыргызстандын Новосбирск шаарындагы башкы консулдугунан жардам сураган. Башкы консул шектүүгө укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын айтууда.

45 жаштагы кыргызстандык Айнагүл Борбиева “7 млн. рублди уурдап алган” деген шек менен Новосибирск шаарында 2021-жылдын ноябрында кармалган. Ошондон бери убактылуу тергөө абагында жатат. Ага акысыз адвокаттык кылып жаткан теги кыргызстандык, Уфада жашаган Абдилазиз Бадалбаев төмөнкүчө маалымат берди:

Абдилазиз Бадалбаев
Абдилазиз Бадалбаев

"Ал келин 2021-жылдын 3-ноябрында камалган. Бир күн мурун эртең менен жумушка кетип жатканда жол боюнан сумка таап алган. Бирок ичинде эч кандай акча болбогонун айтып жатат. Кийин мен сумканын ээси менен көзмө-көз жолуккам. Сумкага салганга чейин ал акчаны кайда сактаганын сурагам. Ал 7 млн. рублди керебеттин түбүндө сактаганын айтты. Акча тууралуу эч кимдин, анын аялынын дагы маалыматы жок экенин тактадым. Акчаны жоготкон адам 300-500 миң рубль айлык ала турганын айтып жатат. Салык кызматы аркылуу текшертсек, эч кандай салык төлөбөптүр. Ал эч жерде иштебеген жумушсуз экен. Эки жыл мурда насыя алып, акчаны керебеттин түбүндө сактаганын айтууда".


“Комсомольская правда” басылмасынын жазганына караганда, Айнагүл таап алган сумка жергиликтүү ишкердики болгон. Ал киши акчаны мас абалында көчөдө унутуп калганын айткан. Адвокат Бадалбаев сумканын ээсимин деген адамдын ишкер экени тастыкталбаганын, ал банктан алган насыясын төлөбөй кутулуунун амалын издеп, алдамчылык аркылуу Айнагүлдү жок жерден күнөөлүү кылып жатканын белгилеп жатат.

Кийинки сот отуруму 18-майда болот. Жактоочу келинди үй камагына чыгарууга көмөктөшүү өтүнүчү менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, Новосибирск шаарындагы башкы консулдукка кайрылган. Эгер жапатырмак аракет кылбаса, келин 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн деген адвокат “бул ишке көңүлкош мамиле кылып жатат” деп, консулдукка нааразылык билдирди:

“Мен башкы консул Маматалиевге кайрылып, “силер бул жерде жарандардын таламын талашып, укугун коргоо үчүн иштеп жатасыңарбы же жөн гана грамота таратуу үчүн иштеп жатасыңарбы?” дедим. Келинге консулдук тараптан кепилдик берилсе, үй камагына чыкмак. Ал кадамга барбай жатышат”.



“Азаттык” башкы консул Калдарали Маматалиевге байланышып, мындай жооп алды:

“Биз Жаңы жыл майрамына чейин эле кепилдик катты берип, келин куру доомат менен камакта отурганын айтканбыз. Кат аркылуу сотко кайрылганбыз. Бирок жоголгон акчанын суммасы көп болгондуктан, чыгарышпады”, - деген башкы консул иш алардын көзөмөлүндө деп ишендирди.

Шектүү катары камакта отурган Айнагүл Борбиева Ноокен районунун тургуну. Бир топ жылдан бери Новосибирскиде жолдошу жана балдары менен жашап, иштейт. Күйөөсү, перзенттери орус жарандыгын алышкан. Айнагүл да жарандык алууга документ камдап жүргөн. Анын бул жактагы туугандары да окуядан кабардар.

“Азаттык” азырынча тергөөчү менен байланыша алган жок. Орусиялык басылмаларда чыккан маалыматтарда келинди сотко берген ишкерден комментарий алууга мүмкүн болбой жатканы жазылган.


Новосбирскидеги кыргыз диаспорасынын башчысы Жаркынбай Тойтуков келиндин акталып чыгарына үмүт бар экенин айтууда:

“Акыркы сот отурумуна келинди күнөөлөп жаткан тарап келген жок. Күнөөлүү деп табуу үчүн сотто да жетиштүү далилдер жок. Келинди айыпкер табууга негиз жок, андыктан баары жакшы болот деп турабыз. Колдон келген бардык жардамды берип жатабыз”.

Диаспоранын маалыматына караганда, Новосибирскиде 130 миңден ашык кыргызстандык жашайт. Алардын дээрлик жарымы орус жарандыгын алган.

Орусиядагы кыргыз элчилигинин эсебинде, бул өлкөдө ар кандай берене менен 985 кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Орусияда миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны миллиондон ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG