Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:53

Бишкекте чет элдик жаранды сабагандар кармалды


Видео байкоого тартылган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек. 8-май, 2022-жыл.
Видео байкоого тартылган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек. 8-май, 2022-жыл.

Бишкектеги кафелердин биринде 22 жаштагы индиялык жаранды сабоого шектүүлөр кармалды. Окуя боюнча Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул чет өлкөлүк жарандарды сабаган биринчи учур эмес. Мындай көрүнүштөрдүн кайталанышы жалпы мамлекеттин беделине шек келтире турганын Жогорку Кеңештин депутаттары да айтып чыгышты.

Ички иштер министрлиги Бишкекте кафелердин биринде индиялык жаранды сабоого шектелип эки адам кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, кармалгандар дагы, сабалган адам дагы 22 жашта. Мекеменин басма сөз катчысы Тилек Оторов окуя боюнча кылмыш иши Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен тергелип жатканын билдирди.

Тилек Оторов.
Тилек Оторов.

"Кылмышка шектүү делген 2000-жылы туулган эки жарандын тек-жайы аныкталып, кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Жазык-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ("Кармоонун негиздери") ылайык Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда".

Индиялык жаранды сабаган окуя 8-майга караган түнү болгон. Ушул түнү милицияга Улуттук госпиталга ур-токмокко кабылган 22 жаштагы индиялык жаран жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлерине ал достору менен кафеде отурганда белгисиз үч кишинин ур-токмогуна себепсиз кабылганын айтып берген жана аларга чара көрүүнү өтүнгөн.

Окуя боюнча Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Милиция жарандарды кандайдыр бир кылмыш аракеттери же мыйзам бузуулар түшкөн видео жана сүрөттөрдү алдын ала социалдык тармактарга жарыялабоого чакырып, бул шектүүлөрдү кармоого тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыкка" билдиргендей, жабыркаган жаран бетинен жана желкесинен, мурдунан жараат алган. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканадан чыгарылган.

"Жалпы абалы канааттандырарлык болгон. Кайрылган адам алкоголдук ичимдик ичкенин четке каккан жок. Ага бетинен жана желкесинен жабыркаган, көгөргөн. Ичимдик ичкен деген диагноз коюлган", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Индиянын Кыргызстандагы элчилиги комментарий берген жок.

Чет элдик жарандын сабалышы бүгүн, 11-майда парламенттин жыйынында дагы көтөрүлдү. Депутат Жанарбек Акаев күнөөлүүлөрдү жазалап, милицияны мындай көрүнүштөрдү болтурбоого чакырды. Ал Кыргызстанда чет элдиктердин сабалышы жалпы мамлекеттин беделине көө жабат деп эсептейт.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

"Күнөөлүүлөр ИИМге келет, видео аркылуу кечирим сурап эле бошонуп кетип жатышат. Сырттан келген миңдеген студент учактан баштап ичкен-жегини, такси, кийингени, бүт баары Кыргызстанга акчасын таштап кетип жатышат. Эгер аларга ушундай мамиле болсо, ошол видео өздөрүнүн өлкөсүндө тараса, Кыргызстан жөнүндө, ал жакта жапайы адамдар жашайт дегендей таасир калтырат. Алар чөнтөгүнө 100 сом салып чыгып, бир жерге туулган күн өткөргөндөн коркот экен. Мындай болбош керек да. Индия, Пакистандан келген студенттер жансакчы жалдап жүрүп жатышат. Чөнтөгүндөгү тамекисин алып коюшат экен. Ушинте берсе Кыргызстан жөнүндө жаман ойдо калат го".

Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттердин көпчүлүгү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алышат. Мындан сырткары Кыргызстанга иштегени келгендер дагы бар.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстан 16 610 чет элдиктин иштөөсүнө уруксат берген. Алардын арасында 95 өлкөнүн жарандары бар.

Кыргызстанга иштөөгө уруксат алгандардын 54% же 6 миңге жакынын Кытайдын жарандары түзөт. Кийинки орунда Түркия (17% же 1814), Пакистан (5,5% - 603 киши), Корея (3%- 328 киши), Индия (2,8% - 303 киши), АКШ (2% - 223 киши), Вьетнам (2,2% же 239 киши), Ооганстандын (1,8% же 195 киши) жарандары турат. Чет элдиктердин көбү курулуш жана өндүрүш тармагында, дагы бир бөлүгү энергетика, геология, тоо-кен тармагында, соода, коомдук тамактануу жайларында иштешет.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жокторго, көбүнчө Түркия, Пакистандын, Индиянын жарандарына эмгек категориясындагы 12 миң 746 виза берилген.


Бул Кыргызстандын аймагында бейтааныш адамдар чет өлкөлүк жаранды сабаган биринчи окуя эмес. Былтыр декабрда Бишкекте теги пакистандык, Кыргызстан эл аралык университетинин (КЭУ) медицина факультетинде окуган Рамзан Мухаммед аттуу студент поезддин алдында калып каза болгону жөнүндө кабар тараган. Каргашалуу окуядан кийин маркумдун достору "аны жергиликтүүлөр тоноп, андан кийин поезддин алдына ыргытып жибергенин" социалдык тармактарга жазышкан. Ички иштер министрлиги "киши колдуу болгон" деген маалыматты четке каккан. Мунун алдында Интернетте поезддин алдына боюн таштаган адам тартылган тасма тараган. Тышкы иштер министрлиги чет элдик студенттин өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлүнө алган.


Былтыр жайында Чүйдөгү ооруканалардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жактан пакистандык Шах Аббас Али белгисиз бирөөлөр сабап кеткенин айтып, милицияга кайрылган.

Былтыр октябрда милиция Индиянын дагы бир жараны сабалганын, бей тааныш адамдар бычак менен коркутуп, анын 3 миң долларын, бир нече телефонун, кийим-кечегин тоноп кеткенин кабарлаган. Кылмышка шектелип төрт киши кармалган.

2019-жылдын жайында таламандын чак түшүндө Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанында Нигериянын 34 жаштагы жараны, "Cambridge School" тил үйрөтүү мектебинин мугалими Али Тижжани Абубакар токмок жеп, башына урулган соккудан улам ооруканада эки күн комада жатып көз жумган. Нигериянын жаранын өлтүргөн адам 7,5 жылга кесилген.

Чет элдик студенттердин Кыргызстанда окуусуна, виза алып, жайгашуусуна көмөк көрсөткөн World Choice International фирмасынын Кыргызстандагы өкүлү Жанарбек Раимжанов чет элдик студенттерлди коргоо маселесин козгоду:

"Чет өлкөдөн келген студенттер менен көп учурда ижарага алып жашап жаткан батирдин кожоюндарынын ортосунда ызы-чуу көп болот. Акчасын алдын ала алып, кийин батирден чык дешет. Кээ бири акчасын алып, батирди башка кишиге берип коет. Чет элдик студенттерге өзүнчө макам бериш керекпи деп ойлойм. Аларга кол көтөргөн, сабаган учурда кылмыш жоопкерчилиги жогору болуш керек. Канчалаган студенттер токмок жейт, бирок жыйынтык жок. Студент түшүп калыптыр деп милиция бөлүмүнө көп барам. Дүкөндүн астында урушуп кеткен, мас адамдар тийишкен болот. Кээде алы жеткени эле чет элдик студенттер болуп калат. Милиция мындай иштерди карагысы дагы келбейт. Ушинте берсе Кыргызстандын аброюна терс таасирин тийгизет, чет элдиктердин укугун жакшы коргобойт деп калышат".


Индиялык студент Шужа Кыргызстанда алтынчы жыл билим алып жатат. Ал өлкөнүн дээрлик бардык аймагында болгонун, кыргызстандыктардын меймандостугу, маданияты, жаратылышы жага турганын айтууда. Ал тилекке каршы, өлкөдө башка улуттарды кодулаган көрүнүштөр дагы бар экенин айтты.

"Мен Индиянын жаранымын. Кашмир штатынан келгем. Бул жерде жалпы эл абдан жакшы. Кээде жасап жаткан аракеттерин түшүнбөгөндөр дагы бар. Көбүнчө базарда, супермаркетте "индус" деп жаман сөздөр менен сөккөн учурлар болот. Бирок мындай көрүнүштөр бир гана Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө дагы бар. Бул жакка чет элдиктер биротоло көчүп келишкен жок, кайра кетишет. Окуу үчүн гана келишти. Жергиликтүү студенттерден алда канча көп акча төлөшөт. Алар - бул өлкөнүн коноктору".

Кыргыз коомчулугунда чет элдик жарандар, өзгөчө пакистандык, индиялыктардын жашоо образына, өтө эле ызы-чуу экенине нааразы пикирлер дагы жок эмес. Анткен менен жарандык активист Урмат Казакбаев пикир келишпестикти ур-токмок менен чечүү туура эмес экенин, чет элдиктер коомдук тартипти бузган учурда маселени милиция аркылуу гана чечүү туура деп эсептейт.

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

"Муну жалпы караган туура эмес жана мүмкүн эмес деп ойлойм. Ар бир учур өзүнчө индивидуалдуу. Менин кесиптешим ушул окуялар чыкканда түнкү саат 2ге чейин Индия же Пакистандын жарандары уктатпай, кыйкырып, ызы-чуу кылганын, аларга жакшы да, жаман да айтканын айтып берди эле. Кээде алар дагы коомдук тартипти бузган учурлар болуп жаткандыр. Кандай гана болбосун милициянын ролун аткарбаш керек, милиция аркылуу чечиш керек. Бул алардын иши. Эч убакта ур-токмокко барбаш зарыл. Анын кесепети аябай оор болуп, эл аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн. Мындай учурда абдан кылдат мамиле кылуу абзел".

Былтыр жайында да коомчулукта Кыргызстандын аймагында башка улуттун, өзгөчө пакистандыктардын көбөйүшүнө байланыштуу талкуу жаралган. Ошол кезде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда 30,5 миңден ашуун чет элдик билим аларын, алар эки элдин ортосундагы көпүрө экенин белгилеген.

"Республиканын аймагында 30 501 чет өлкөлүк жаран билим алууда, анын ичинен 9 285 жаран Пакистан жана 13 404 жаран Индиядан келген. Алар – биздин жергебизде мейман, эл ортосундагы достуктун көпүрөсү. Ар бир студент мыкты билим гана албастан, өлкө тууралуу жакшы пикирде калуусун каалайт элек. Мен Министрлер кабинетинде чет элдик студенттерге өзгөчө камкордук көрүү жана жагымдуу шарттарды уюштуруу маселелери боюнча кеңешме өткөрүүнү тапшырдым", - деген Байсалов.


Ошол эле учурда ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылдын 11 айында Кыргызстандын аймагында чет өлкөнүн жарандары тарабынан 243, чет өлкөлүктөргө каршы 191 кылмыш катталган. Анын ичинде алдамчылык, бейбаштык, уурулук, каржы пирамидаларын уюштуруу, тоноо, киши өлтүрүүлөр кылмыштары бар. Чет элдиктерге каршы кылмыштар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16 фактыга көп.

Кылмыштардын жарымынан көбү (153) Бишкек шаарынын аймагында жасалган.

Кыргызстандагы эл аралык окуу жайларда Өзбекстан, Түркия, Тажикстан, Пакистан, Индия, Казакстан, Ооганстан жана Кытайдан келген студенттер басымдуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG