Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

Бейөкмөт уюмдарды каржылоо боюнча токтомду токтото туруу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы кырктан ашуун коммерциялык эмес уюм өкмөткө кайрылып, бейөкмөт уюмдар арасында бөлүштүрүлүүчү чакан гранттар боюнча токтом долбоорун азыркыдай редакцияда сунуштоону токтотуп, жарандык коомдун катышуусу менен кызматташуу боюнча кеңири талкуу уюштурууга чакырышты. Алардын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолдонгон кайрылуусу 11-майда жарыяланды.

Кайрылуунун авторлору эгер токтом азыркыдай редакцияда кабыл алына турган болсо бейөкмөт уюмдарды бийликке ыктаган, келечекте анын колдоосуна ээ боло тургандар жана бийликтин кемчиликтерин ачык айтканы үчүн кысымга кабылышы мүмкүн болгондор деп бөлө турган жагдайга алып келиши ыктымалдыгын белгилешти.

Ошондой эле анда бир катар юридикалык дал келбестиктер бар экени, укук коргоо жана антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү зарылдыгы айтылды.

Юстиция министрлиги Министрлер кабинетинин бейөкмөт уюмдарды мамлекеттен каржылоого байланыштуу токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда бул багытта 100 миллион сом бөлүп берүү, долбоорлорду атайын сынактын негизинде тандоо деген чаралар каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG