Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:26

"Газпром" мектебин 20 жылдык мөөнөткө бекер пайдаланууга берүү каралууда


"Газпром" мектеби
"Газпром" мектеби

Министрлер кабинети Орусия салып берген "Газпром" мектебин "Газпром-Кыргызстан" компаниясына 20 жылдык мөөнөткө бекер пайдаланууга берүү демилгесин көтөрүп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Мөөнөт Орусия өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык кийин дагы узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу макулдашуу парламенттин тармактык комитеттеринде талкууланып жатат.

Билим берүү министрлиги мектепти иштетүүгө Бишкек мэриясынын чама-чаркы жетпей турганын жүйө келтирүүдө.

"Газпром-Кыргызстан" башка аймактарга дагы ушундай мектеп куруп берерин айтып жатат.

Учурда "Газпром-Кыргызстан" мектеби боюнча келишимге ылайык жылына 20,8 миллион сом өлчөмүндө ижара акысы каралган. Бул келишим 2022-жылдын 2-августуна чейин жарактуу. (MTa)

XS
SM
MD
LG