Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Латвия советтик эстеликтерди коргоо келишиминен чыгууну чечти


Ригадагы советтик армиянын жоокерлерине арналган монумент. 11-май, 2022-жыл.
Ригадагы советтик армиянын жоокерлерине арналган монумент. 11-май, 2022-жыл.

Латвия парламенти 12-майда советтик эстеликтерди коргоо тууралуу Орусия менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотуу боюнча мыйзам долбоорун эки окууда жактырды. Ошентип Сейм (парламент) Советтик армиянын жоокерлерине тургузулган Ригадагы комплексти сүрдүрүп салууга жол ачты. Латвия коомунун бир бөлүгү шаар борборундагы ал эстеликти оккупациянын символу деп билет. Анын айланасындагы талаш Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин ого бетер курчуду.

Эстеликти алып салуу чечимин эми Риганын кеңеши кабыл алууга тийиш. Мэр Мартиньш Стакис комплекс 1-октябрга пландалган парламенттик шайлоого чейин буздурулбайт деп боолголойт.

Мындан тышкары эми өлкөнүн башка жерлериндеги монумент, эскерүү такталарын алып салуу сунуш кылынды. Сөз болгон келишимде Латвия андан Орусия менен бирге чыга алары айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG