Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Тышкы иштер министри Кулубаев Тажикстанга барды


КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны, Дүйшөмбү. 13-май, 2022-жыл.
КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны, Дүйшөмбү. 13-май, 2022-жыл.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына барды.

Дүйшөмбүдө 13-майда КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин тар курамдагы жыйыны башталды. “Озоди” радиосунун кабарчысы билдиргендей, жыйынга Тажикстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусиянын тышкы иштер министрлери, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин орун басары катышууда.

Жыйын өткөн жайда Украинанын желеги да илинип турат, бирок жыйынга украин расмийлери келген эмес. Жыйын жабык өтүп жатканы кабарланды.

Буга чейин жыйында КМШ алкагында кызматташууну өнүктүрүү, эл аралык коопсуздук маселелери, гуманитардык жана илимий чөйрөдөгү байланыштар, Украинадагы кырдаал дагы талкууланары айтылган. Жолугушуунун соңунда журналисттер үчүн басма сөз жыйыны өтөт.

Министр Жээнбек Кулубаев иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ал өткөн айда тышкы иштер министри кызматына дайындалган. (МТа)

XS
SM
MD
LG