Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Киев “Азовсталдан” жарадарларды чыгарып кетүүгө Москва макул болбой жатканын билдирди


Орусиянын армиясынын камоолунда калган Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводу.
Орусиянын армиясынын камоолунда калган Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводу.

Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда калган Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунун аймагында дале каршылык көрсөтүп жаткан аскерлердин жарадар болгондорун чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүү жыйынтык бербей жатат. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Телеграм-каналында кабарлады.

Мунун алдында айрым медиалар 500-600 адамды алмаштыруу аракеттери жүрүп жатканын жазган. Верещук учурда 38 оор жаракат алган адамдардын тагдыры жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастап, аларды чыгаруу “өтө оор болуп жатканын” кошумчалады.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, жети аптадан бери курчоодо жатат. Аларды чыгарып кетүүгө Москва макул болбой келет жана улам-улам чабуул жасоодо.

Заводдун алдында жаткан 500дөн ашуун жайкын тургун, карылар, аялдар жана балдар Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен эвакуацияланды. Киев заводдун жер төлөсүндөгү баш калкалоочу жайларда дагы жүздөй украиналык калышы мүмкүн деп билдирүүдө.

Заводдо 2 миңдей украин аскери калганы айтылган. Алардын башчылары улам видео кайрылуу таратып, Киевден аларды чыгарып кетишин өтүнүп жатат. Жоокерлер башка өлкөлөрдүн лидерлерин да Москвага таасир этүүнү суранышууда. Өткөн аптадагы билдирүүсүндө украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн армиясы азыр Мариуполду алууга жана “Азовсталда” жаткан аскерлерди бошотууга мүмкүнчүлүгү жетпей турганын моюнуна алган.

Орусиянын аскерлери Мариуполду дээрлик тегиздеп салганы маалымдалып, сүрөт-видеолору жарыяланып жатат. Шаарда канча киши каза болгону белгисиз. Жергиликтүү бийликтер кеминде 20 миңдей адам өлгөнүн, шаардагы курулуштардын 90% талкаланганын кабарлоодо. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG