Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Сот блогер Жолболдуеванын бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартты


Батмакан Жолболдуева.
Батмакан Жолболдуева.

Ош облустук соту бүгүн 13-майда “Батма-бат” YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ош шаардык соту 21-апрелде аны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Милиция журналист Арзыгүл Галымбетова күтүүсүз каза болгондон кийин бул иш боюнча маалымат берип, ал Жолболдуеванын каралоосуна кабылып жатканына 25-мартта арызданганын билдирген. Галымбетованын ошол арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен иш козголуп, 28-мартта Жолболдуева кармалган.

Ишти Ош облустук милициясы тергемей болуп, 15-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Ошко өткөрүлүп берилген.

49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерүү учурундагы видеолорун жарыялап турган.

Март айында ал президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айтып чыккан. Ураимов дооматтарды четке каккан. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG