Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

"Германия жумалыгы" ачылат


Германия. Берлин.
Германия. Берлин.

Бүгүн 16-майда Бишкекте „Германия жумалыгы“ ачылат. Иш-чара алкагында „Кыргызпатент“ мекемеси менен биргеликте уюштурулуп жаткан Инновациялык борбордун презентациясы өтөт.

Мындан тышкары сүрөт көргөзмөсү, Германияга барып билим алууну же иштөөнү каалагандар үчүн документ тапшыруу боюнча тренинг, климаттык өзгөрүүлөргө арналган талкуу, “Жазгы базар”, “Кечки кино” иш-чаралары жана жаз музыкасынын концерти өтөт.

Бул күндөрү Кыргызстанда Европа Биримдиги менен кызматташтыктын 30-жылдыгына арналган иш-чаралар уюштурулууда. Бишкекте, Ошто жана Караколдо Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге “Европа айылдары” деп аталган майрамдык акциялар өттү.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон. Учурда жаңыртылган макулдашуу тууралуу талкуу жүрүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG