Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Башаламан курулушка каршы комиссия жыйынга чогулат


Бишкек.
Бишкек.

Бүгүн 16-майда Жогорку Кеңеште Бишкектеги башаламан курулуш маселеси жана шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болот.

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Альянс” фракцияларынын демилгеси менен быйыл 6-апрелде түзүлгөн комиссиянын курамына 11 депутат кирген.

Буга чейинки отурумдарда борбор кааланын Башкы планынын ишке ашуусу, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн уруксат кагаздары боюнча маселе талкууланган.

Бишкекте соңку жылдары кардардын акчасына үлүштүк негизде көп кабатуу үй курган ишканалар кескин көбөйдү. Алардын арасында уруксаты жок жерде курулуш жүргүзгөндөр бар экени айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG