Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Шольцтун партиясы жергиликтүү шайлоодо аз добуш алды


Олаф Шольц.
Олаф Шольц.

Германиянын канцлери Олаф Шольцтун Социал-демократиялык партиясы Түндүк Рейн-Вестфалиядагы аймактык парламентке (ландтаг) шайлоодо эң начар көрсөткүчкө ээ болду.

16-майдын таңындагы расмий маалыматка караганда, жекшемби күнкү шайлоонун жыйынтыгында партия 27 проценттин тегерегиндеги добушка ээ болууда, бул 2017-жылдагы соңку шайлоого салыштырганда, 4,5 процентке аз.

Германиянын калк эң жыш жайгашкан, социал-демократтар дайыма эң чоң колдоого ээ болуп келген аймактан аз добуш алышын серепчилер 63 жаштагы Шольц үчүн сокку деп атап, себебин ал Орусиянын Украинага кол салуусун чечкиндүү сындабагы жана Киевге жардамды активдештирүүнү каалабаганы менен байланыштырып жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG