Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Илимпоздор айдын топурагына гүл өстүрдү


 NASA агенттигинин астронавттары чогулткан айдын топурагына окумуштуулар гүл өстүрүштү.
NASA агенттигинин астронавттары чогулткан айдын топурагына окумуштуулар гүл өстүрүштү.

Айдан алынып келинген топуракка гүл өстүрүлдү. Биз билген куштардын 48% жок болуп кетүү коркунучунда. Келечекте океандардын абалына божомол жасоо кыйындашы мүмкүн. "Азаттыкта" илимдеги соңку жаңылыктардын топтому.

Айдын топурагына өскөн гүл

NASA агенттигинин астронавттары чогулткан айдын топурагына окумуштуулар гүл өстүрүштү. Ошентип, буга чейинки Ай бетине эч нерсе өспөйт деген божомол жокко чыгарылды. Тажрыйбаны Флорида университетинин тамак-аш жана айыл-чарба илимдери институтунун окумуштуулары жүргүзүшкөн.

Ар бир отургузулган гүлдүн топурагына Айдан алынып келинген топурактын же ай реголитинин бир граммы кошулган. Ай реголитинин курамында органикалык материалдар жок болгону аны жердин топурагынан кескин айырмалап турат. Андыктан уруктун өсүп кете алары күмөн жараткан.

Тажрыйбаны ишке ашыруу үчүн «Аполлон-11», «Аполлон-12» жана «Аполлон-17» космостук учууларынын натыйжасында Айдан алынып келинген 12 грамм топуракты NASA агенттиги берди. Окумуштуулар 3-4 урукту отургузуп, бир калыптагы температура жана жарыктык сакталган атайын лабораторияда кармашкан.

Үч күндөн кийин өсүмдүк өсүп баштаган. Бир үлгүсүн 20 күн өстүрүшкөндөн кийин жалбырактарын мындан аркы изилдөө үчүн алышкан.

«Бул окуя биз Айга барып, Жердегидей кылып өсүмдүктөрдү атайын тартипте өстүрүү менен, тамак-ашка ээ болуп, абасын тазартып, суусун калыбына келтире алабыз», - дешет окумуштуулар.

Булак: NASA

Куштардын жарымынын саны кескин азаюуда

Дүйнө окумуштуулары биргелешип жасаган жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы бизге белгилүү бардык куштардын 48% жок болуп кетүү коркунучу тооруп турганын көрсөттү. Бул куштардын 5000ден ашуун түрү келечекте жок болуп кетиши ыктымал дегендик. Изилденген куштардын 6% гана көбөйгөнү белгилүү болду.

Улуу Британиядагы Манчестер университетинин изилдөөчүлөрүнүн айтымында, куштардын ар түрдүүлүгү тропикалык аймактарга туура келет жана жок болуп кетүү коркунучу бар куштардын көбү дал ошол чөлкөмдө.

Ушул эле изилдөөчү топтун 2019-жылдагы эсеби 1970-жылдардан бери Түндүк Америкада 3 миллиард куштун жок болуп кеткенин көрсөткөн. 2021-жылы жүргүзүлгөн дагы бир изилдөөдө акыркы 40 жыл ичинде Европада миллиондогон куш жок болгону айтылат.

Куштардын санына таасир этип жаткан негизги фактор – климаттын өзгөрүүсү. Куштарды коргоо боюнча глобалдык тармак өлкөлөрдү жерлерди, токойлорду сактоого, ресурстарды туура колдонууга жана табият менен таттуу мамиледе жашоо саясатын жургүзүүгө чакырат.

Булак: ScienceAlert

Океандар «эс тутумун» жоготууда

Климаттын өзгөрүүсү бир эле куштарга эмес, океандарга да таасирин тийгизүүдө. Атап айтканда, океан өзүнө мүнөздүү туруктуулугун жоготуп жатат. Эми океандын абалына мүнөздөмө берип, андагы өзгөрүүлөргө алдын ала божомол жасоого мүмкүн болбой калат. Окумуштуулар муну өтө кооптуу өзгөрүү катары баалашып, дүйнөлүк океан «эс тутумун» жоготуп жатат дешет. Бул жөнүндө ScienceAlert сайты жазды.

Океандын «эс тутуму» - бул анын өзгөрүлгүс деп эсептелген абалы. Дал ошол суудагы өзгөрбөгөн шарттар аркылуу океандагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүүгө мүмкүн болчу. Мисалы, бул суунун үстүңкү катмарындагы температура болушу мүмкүн. Эми алдыңкы он жылдарда бул нерсе өзгөрөт.

Изилдөө учурунда окумуштуулар дүйнөлүк океандын үстүңкү катмарынын жана тереңдиги 50 метрге жеткен астыңкы катмарынын температурасын анализдеп көрүшкөн. Астыңкы катмары туруктуу сакталып турганы менен жогорудагы катмарынын температурасы өзгөрүүгө дуушар болгон.

Океандарда байкалып жаткан мындай өзгөрүү суу астындагы дүйнөгө кандай таасир этери али белгисиз. Бирок бул өзгөрүү адамдардын океандарга байланыштуу аба ырайына так божомол жасоо жөндөмүн төмөндөтөт.

Булак: ScienceAlert

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG