Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Талас: Убактылуу кармоочу жайдагы жаран медициналык жардамга муктаж


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Таластагы кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайдагы жаранга медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканы аныкталганын билдирди.

Шектүү борбордун кызматкерине 12-майда арызданып, убактылуу кармоочу жайда медицина кызматкери жоктугунан керектүү жардам ала албай жатканын айткан.

Маалыматка караганда, 34 жаштагы жарандын ден соолугу май айынын башынан начарлай баштаган. Ал заарасы чыкпай калганын жана башы катуу ооруп жатканын айткан. Убактылуу жайда медкызматкердин жоктугунан ага зарыл дары-дармеги сайылган эмес. Сырттан барган медкызматкер ал жердеги санитардык абалдан улам бейтапты тейлөөдөн баш тарткан.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор маалыматты прокуратура органдарына жөнөткөнүн кошумчалады. Талас облустук милициясы азырынча комментарий бере элек. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG