Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Киевде 38 өлкөнүн элчиликтери ишин жандантты


Киев. Архивдик сүрөт.
Киев. Архивдик сүрөт.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги ишин жанданткан элчиликтердин тизмесин чыгарды. 38 өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн арасында Кыргызстан дагы бар.

"Бул биздин өнөктөштөрдүн Украинанын жеңишине ишенеринин дагы бир далили", - деп жазылган украин Тышкы иштер министрлигинин Фейсбуктагы баракчасына.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов дипломатиялык өкүлчүлүк жакында Львовдон Киевге кайтуу маселесин карап жатканын айткан.

Орусия Украинага басып киргенден кийин башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын элчилиги да өлкөнүн батышына - Львовго көчүрүлгөн. Бул өлкөдө иштеп, жашап жаткан жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине жана башка коопсуз аймактарга чыгарылган.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 5 миллиондон ашуун украин жараны бозгун болду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG