Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Жапаров Путин менен сүйлөштү


Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 2022-жылдын 16-майы.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 2022-жылдын 16-майы.

Президент Садыр Жапаров 16-майда Москвада Орусиянын башчысы Владимир Путин менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, "Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты".

Путин эки өлкө ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын, былтыр товар жүгүртүүдө олуттуу өсүш болгонун, Орусия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда турарын айтты.

Жапаров Орусия менен бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстандын президент баштаган расмий делегациясы Москвага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги саммитине катышуу үчүн барган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG