Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Согуш Финляндия, Швецияны НАТОго кирүүгө түрттү


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Швеция жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин алар менен биргеликте өткөн маалымат жыйында. Брюссел. Январь, 2022-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Швеция жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин алар менен биргеликте өткөн маалымат жыйында. Брюссел. Январь, 2022-жыл.

Швеция Финляндиянын артынан НАТОго кирүү боюнча арызын тапшырууну чечти. Москва аскердик альянстын Скандинав өлкөлөрүнө карай кеңейишине “сөзсүз” жооп кайтарыларын буга чейин эскерткен.

“Өкмөт НАТОну Швеция альянстын мүчөсү болууну каалайт деп кабардар кылууну чечти. Швециянын НАТОдогу элчиси бул тууралуу тиешелүү маалыматты альянска жеткирет”, - деп билдирди швед премьер-министри Магдалена Андерссон 16-майда.

Стокгольм Түндүк атлантикалык аскердик альянска кабыл алынса, өлкө эки кылымдан бери карманып келген нейтралитетке чекит коюлмакчы.

Ошол эле күнү Финляндия жана Швеция парламенттери тез арада НАТОго кошулуу арызын тапшырууну талкуулады.

Орусия менен 1 миң 300 километр чек ара тилкесин бөлүшкөн Финляндия дагы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эч бир аскердик блокко кошулбайт деген бейтараптуулукту сактап келген. Согушта финдер аймагынын 10% Советтер Союзуна алдырып жиберген.

Орусия Украинага кол салганы Москванын агрессиясына байланышкан тынчсыздануу өсүп, скандинавиялык бул эки өлкө альянска мүчө болууну караштыра баштаган.

Магдалена Андерссон. Стокгольм. 16-май, 2022-жыл
Магдалена Андерссон. Стокгольм. 16-май, 2022-жыл

"Аскердик блокторго кошулбаган өлкөлөр катары Швеция менен Финляндия региондогу стабилдүүлүккө салым кошуп келатат. Орусия Украинага басып киргенден кийин жагдай өзгөрдү. Финляндия НАТОго кирүүгө аракеттенүүдө. Өлкө парламенти президент менен премьер-министрдин уюмга арыз тапшыруу сунушун талкуулап жатат. Швеция менен Финляндия өз тандоосун ар бири өз алдынча жасап жатышат. Бирок биздин тарыхыбыз, коопсуздугубуз, келечегибиз бири-бирине байланган. Швеция Балтика деңизинин аймагында НАТОго кирбеген жападан-жалгыз мамлекет болуп калса, биз абдан аялуу абалга кептелебиз, Орусия бизге басым-кысымды күчөтөт дегенди эч ким жокко чыгара албайт", - деди премьер Андерссон парламентке кайрылуусунда.

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё жана премьер-министри Санна Марин парламент менен акылдашкандан кийин Хельсинки жакын арада арызын тапшырарын бир нече күн мурун билдиришкен.

Дүйшөмбүдө президент Владимир Путин Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында эки өлкөнүн НАТОго кошулуусу Орусияга эч кандай коркунуч жаратпасын айтып, ошол эле маалда эгер ал жерлерге аскердик инфраструктура жайгаштырыла турган болсо, Москва тиешелүү жооп кайтарарын эскертти:

"Аяк-учу көрүнбөгөн кеңейүү саясатынан тышкары НАТО географиялык максатынын чегинен чыгып жатат. Эл аралык маселелерге активдүү кийлигишип, башка региондордо да коопсуздук маселелерине таасир этүүдө, болгондо да терс таасир этип жатат. Албетте, буга көңүл буруу зарыл".

Мунун алдында орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Хельсинки жана Стокгольмду блокко кабыл алуу “терең кесепеттерге алып келчү ири ката” болорун айткан.

Москва Украинага согуш ачканда НАТОнун кеңейшин алдын алууну жүйөлөрдүн бири катары атап келген.

НАТОнун Латвиядагы машыгуусу. Архивдик сүрөт
НАТОнун Латвиядагы машыгуусу. Архивдик сүрөт

Сөз болгон эки мамлекет аскердик уюмга качан кабыл алынары азырынча белгисиз. Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Хельсинки жана Стокгольмдун арыздары түшөрү менен тиешелүү протоколго кол коюлушу мүмкүн экенин билдирген.

Буга чейин блоктун расмий адамдары маселе 28-29-июнда Мадриддеги саммитте талкууланарын туюндурушкан.

Андан кийин альянска мүчө 30 мамлекеттин улуттук парламенттери макулдугун берүүгө тийиш. Адатта кабыл алуу жараяны бир жылга чейин созулушу ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG