Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Баткен облустук бийлиги аппарат башчысынын жарандыгы боюнча түшүндүрмө берди


Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Орусиянын жарандыгын расмий түрдө тапшырып берген. Учурда анда Кыргызстандын гана жарандыгы бар.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук бийликтин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматта аталган кызматкер ордунда иштеп жатканы, калган маалыматтар тергөө амалдары аяктаганда берилери айтылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 12-майда Баткен облустук администрациясынын аппарат башчысы А. У. (аталган кызматты Алихан Ураимов ээлеп турат -ред.) Кыргызстандын жарандыгы менен кошо эле Орусиянын да жарандыгын алып жүргөнү аныкталганын кабарлаган.
А. У. 2021-жылдын 11-январында орус жарандыгынан чыгууга уруксат алганын айтып ал тууралуу Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн көрсөткөн.

Атайын кызмат ал 2018-жылдын апрелде президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилгенин белгилеп, бирок ошол учурда ал орус жараны экенин жашырганын маалымдаган.

УКМК Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кош жарандыгы билинген соң, быйыл 26-апрелде А. У. мамлекеттик сырды билүү укугунан ажыратылганын, мамлекеттик кызматтан бошотуу тууралуу облус башчысына билдирүү жиберилгенин билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG