Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Курултай боюнча мыйзам президенттин өтүнүчү менен кезексиз карала баштады


Комитеттин жыйыны.
Комитеттин жыйыны.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитети бүгүн 17-майда “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун кароого киришти.

Бул маселе жыйындын күн тартибине сегизинчи болуп кирген, бирок президент Садыр Жапаров биринчи кылып кароону өтүнгөнү белгилүү болду.

Негизги баяндаманы мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумуш тобунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жасап, бул башка мамлекеттерде жок, өзгөчө мыйзам экенин белгилеп, курултай кыргыз элинин тарыхында байыртадан келаткан, эл менен бийликтин ортосундагы мамилени түзүп турган көпүрө экенин айтты.

Алгачкы суроону депутат Гуля Кожокулова берип, бул мыйзам менен жергиликтүү кеңештер жокко чыгарылышы ыктымал деген пикирин айтты. Жумуш тобунун мүчөсү Курманбек Осмонов ага жооп берип, курултайдын ишинде мыйзамдарга карама-каршылык жок экенин, ал кеңеш берүүчү гана жыйын болорун билдирди.

Талкуу уланууда. Сунушталып жаткан мыйзамды бийлик быйыл 1-сентябрдан тартып күчүнө киргизүүнү көздөөдө.

Элдик курултай институту былтыр 5-майда иштеп баштаган Конституцияга киргизилген. Мыйзам долбоорун 11 адамдан турган жумуш тобу иштелип чыккан.

Айрымдар курултай Кыргызстанда бюджеттен акча жеп, пайда бербеген кезектеги артыкбаш орган бойдон калат деген кооптонуусун айтып келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG