Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Курултай талкуусунда Абыкеев менен Сатыбалдиев кайым айтышты


Курултай мыйзамы боюнча талкуу.
Курултай мыйзамы боюнча талкуу.

Курултай тууралуу мыйзам талкууланып жатканда бүгүн 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде депутат Элмурза Сатыбалдиев менен мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан жумуш тобунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин ортосунда талаш чыкты.

Сатыбалдиев Абыкеевдин “Курултай эл менен бийликтин ортосундагы мамилени түзүп турган көпүрө болот” деген сөзүн чечмелеп берүүсүн өтүнүп, “Кандай көпүрө боло алат, бизде көпүрө жокпу?” деди.

Абыкеев ага “Сиз көпүрө деп образдуу айтылган сөздү суунун эки жээгине салынган көпүрө деп ойлоп алдыңыз окшойт. Андай эмес” деп жооп берди.

Сатыбалдиев “Эгер салынган көпүрө деп ойлоп алдым десеңиз, анда жазган мыйзамыңыз жалган, эгер мендей юристке шек келтирип жатсаңыз” деп, кечирим суроону талап кылды.

Абыкеев көпүрө деп образдуу мааниде айтканын кайталап, депутаттан кечирим сурады.

Комитеттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору сегизинчи болуп жазылган, бирок президенттин өтүнүчү менен депутаттар аны кезексиз карап жатышат.

Айрым депутаттар Конституцияда бир гана элдик курултай тууралуу жазылганын, ал эми сунушталып жаткан долбоордо жергиликтүү деңгээлге чейин курултайларды түзүү демилгесин туура эмес деп, сынын айтып жатышат.

Сунушталып жаткан мыйзамда курултайдын укуктары, иштөө тартиби жана делегаттарды шайлоонун жол-жобосу, ал мамлекеттин ички жана тышкы саясаты боюнча бийликке сунуш берери, президенттин кайрылуусун, спикердин, премьер-министрдин баяндамаларын угары, өлкө башчыга Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматтан алуу боюнча сунуш бере алары жана мыйзам долбоорун демилге кылуу укугуна да ээ болору белгиленген.

Документ ушул жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кире турганы көрсөтүлгөн.(RK)

XS
SM
MD
LG