Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Өзгөн шаарына Дамир Монолдоров мэр болуп дайындалды


Өзгөн шаары. 2016-жыл.
Өзгөн шаары. 2016-жыл.

"Азаттык" радиосуна Өзгөн районунун акими Мурат Раматов 17-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, Дамир Монолдоров ротация жолу менен Ысык-Көл облусунан Өзгөнгө мэр болуп келген.

Ал жамаатка 16-майда тааныштырылып, 17-май ишине киришти. Мурдагы мэр Нодирбек Каримов 30-апрелде Өзгөн районунун акими Мурат Раматовдун буйругу менен жумуштан бошотулган.

"Буга анын үстүнөн Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы себеп болгон", -деп билдирди Мурат Раматов.

Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Нодирбек Каримовго карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши да козголгон.

Дамир Монолдоров буга чейин «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп иштеген.(AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG