Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Жемкорлук тууралуу айткан айыл башчылардын үй камактагы мөөнөтү узарды


Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.

Баткен облустук прокуратурасынын өтүнүчү менен 19-майда жемкорлук тууралуу айтып чыккан Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев, Акжол Абдуллаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу прокуратуранын өтүнүчү сотто каралды.

Адвокат Асылбек Кунгуров билдиргендей, прокуратура шектүүлөр үй камагынын шарттарын бузду деген негизде алардын бөгөт чарасын камакка өзгөртүүнү суранган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок, алардын үй камактагы мөөнөтү 24-июлга чейин узартылды.

Иш каралып жаткан учурда райондук соттун имаратынын алдында алардын тарапкерлери чогулуп, “Урматтуу сот, адилет чечиңиз!”, “Садыр Жапаров, Баткен элине колдоо көрсөтүңүз!”, “Бекжан менен Саатбекке боштондук!”, “Адилеттик орносун!” деп кыйкырып турду.

Бешкент айыл аймагынын башчысы Бекжан Жалиловду жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, жооптуу катчы Абдуллаев 25-мартта кармалган. Баткен облустук соту 13-апрелде алардын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Мамлекеттик мүлктөрдүн мыйзамсыз менчиктешип кеткенин ачык айтып чыккандан кийин аларга карата мурда козголгон кылмыш иши кайра жанданган.

Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсү жарыяланган. Анда айыл башчылар аталган айыл өкмөттүн мурдагы башчысы жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аны облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы, мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү жакындарына мыйзамсыз менчиктештиргенин айтып беришкен.

26-мартта баш прокурордун буйругу менен чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынган.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG