Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Kaktus.media порталына козголгон кылмыш иши токтотулду


Kaktus.media басылмасынын эн белгиси.
Kaktus.media басылмасынын эн белгиси.

Бишкектин Биринчи Май райондук прокуратурасы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр тууралуу kaktus.media порталына жарыяланган материал боюнча козголгон ишин кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотту. Мындай чечим 31-мартта чыкканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

27-январда Kaktus.media сайтына кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу Тажикстандын Asia Plus басылмасына чыккан маалымат көчүрүп жарыяланган (перепечатка). Анда Asia Plus сайты чек арада кыргыз тарап биринчи ок чыгарганын жазган.

Kaktus.media басылманын максаты тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болгонун билдирген жана кетирилген ката үчүн кыргызстандыктардан кечирим сураган.

Бул окуяга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында жаңжал чыккан. Тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Бул жаңжалда Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап эки жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын маалымдаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG