Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Кыргызстанда “Дежавю” спектаклин коюуга тыюу салынды


“Дежавю” спектаклине даярдануу учурунда тартылган сүрөт.
“Дежавю” спектаклине даярдануу учурунда тартылган сүрөт.

Алишер Ниязовдун “Кыялдар орундалат” пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Дежавю” спектаклин Кыргызстанда коюуга тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” спектаклдин режиссёру, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын көркөм жетекчиси Акимбек Текешов билдирди.

Маалымат боюнча, спектаклдин премьерасы 21-майда болмок. Бирок Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен келген комиссия аны элге тартуулоого болбойт деген чечим чыгарган.

“Театрдын көркөм кеңеши, министрликтин көркөм эксперттик комиссиясы 19-майда спектаклди кабыл алып, эч ким каршы чыккан эмес. Бирок 20-майда комиссия кайра “спектаклди ойнобогула” деген чечим чыгарды. Анда “тигил каарман мындай болбош керек, бул каарман мындай болбош керек” деген сөздөр айтылды”.

Акимбек Текешовдун сөзүнө караганда, “Кыялдар орундалат” пьесасы 2019-жылы жазылган. Кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2010-жылдагы Апрель окуясынын 10 жылдыгына байланыштуу бул пьесанын негизинде 2020-жылы спектакль коюу тапшырмасын берген. Бирок коронавирус пандемиясынан улам ал элге тартууланбай калган. Бул жолу “Дежавю” спектаклин коюш үчүн чыгармачылык топ эки ай иштегенин билдирди.

Спектаклде “Кыялдар орундалат” деген IT компаниянын кеңсесинде беш киши камалып калганы көрсөтүлөт. Алардын арасында жергиликтүү олигарх, анын көңүлдөшү, ишкананын жетекчиси жана анын күзөтчүсү менен бир кызматкери бар. Кеңсенин сыртында тополоң, революция башталат. Бир бөлмөдө камалып калган адамдар чуру-чууга түшүп, бири-бири менен уруша баштайт жана өткөн-кеткендерди эстешет.

“Дежавю” спектакли коюлары тууралуу жарнамалар да берилип кеткен. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG