Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Аксы: райборбор менен байланышсыз калган айылга жол ачылды


Сузак району, Атабеков айыл аймагынан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.
Сузак району, Атабеков айыл аймагынан тартылган сүрөт. 5-май, 2022-жыл.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, райондун борбору менен байланышы үзүлгөн Аксынын Ак-Суу айыл аймагына жол ачылды. Бул тууралуу райондун акими Замирбек Сыдыков билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 21-22-майда нөшөрлөп жаан жаап, сел жүргөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Мекеменин маалыматына ылайык, табыгый кырсыкта алты көпүрө жарактан чыкты, Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу жана Кызыл-Туу айыл аймактарында жолдорду суу жууп кеткен. Ошондой эле ондогон үйдү, бир социалдык объектини сел каптаган. Учурда аймакта селдин кесепетин жоюу, чыгымды эсептөө иштери жүрүп жатат.

Май айындагы катуу жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG