Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

БШКнын мүчөсү Марс Наспеков АРИСке директор болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Марс Наспеков Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин(АРИС) директору болуп дайындалган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде белгилүү болду.

34 жаштагы Марс Наспеков өткөн жылы июль айында президенттин квотасы менен БШКнын мүчөсү болгон. 2018-2020-жылдары "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары, директору болуп иштеген.

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн. доллар бөлүп жатат. Анын теңи грант түрүндө, калганы 0,75% үстөгү менен 38 жылдык мөөнөткө насыя катары берилет. Бул долбоорду 2027-жылга чейин Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашырат.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) 2003-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин чыңдоо, коомдоштуктарды жана жамааттык уюмдарды күчөтүш үчүн инвестицияларды тартуу боюнча жасалып жаткан иштерди андан ары улантуу максатында түзүлгөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG