Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Cүлүктү: Милиция кызматкери 3 млн. сом кымырып алганы билинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы М.Р. 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө тийиштүү айлык акысынан тышкары эч бир негизсиз 2 млн 482 миң 586 сомду өз кызыкчылыгына пайдаланганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, башка кесиптештерине да 138 миң 77 сомду которгону аныкталган.

“Сүлүктү шаардык милициянын каржы-чарбалык иштерин Баткен облустук прокуратурасы текшерген учурда жалданма жана жарандык персоналдарга жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп, бюджетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 3 млн. 141 миң сомду түзгөн”-деп айтылат малыматта.

Бул фактылар боюнча Баткен облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козгоп, тергөө амалдары башталды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG