Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Алексей Навальныйды тогуз жылга кескен сот өкүмү күчүндө калды


 Алексей Навальный биринчи иш боюнча Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында жазасын өтөп жатат.
Алексей Навальный биринчи иш боюнча Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында жазасын өтөп жатат.

Москва шаардык соту биринчи инстанциянын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчиси Алексей Навальныйды алдамчылык жана сотту кемсинтүү иши боюнча тогуз жылга кескен өкүмүн күчүндө калтырды.

Оппозициячыл саясатчынын экинчи иши боюнча өкүмдү Москванын Лефортово райондук соту 22-мартта чыгарган. Сот Навальныйды фондго түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон деп тапкан. Мындан сырткары ага мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен деген кине тагылды.

Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук менен байланыштырышкан. Кийин анын адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз беришкен.

Прокуратура Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун (Орусиянын бийлиги экстремисттик деп тааныган жана тыюу салган) банк эсептерине жана саясатчынын бир катар шериктеринин жеке эсептерине түшкөн коомдук кайрымдуулук каражаттарын акча чогултууну көздөгөн алдамчылык деп эсептейт. Ошол эле маалда Навальныйга жана анын фондуна кайрымдуулук кылган он миңдеген адамдын ичинен төртөө гана бул иште жабырлануучу катары таанылган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептешет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG