Улуу Британиянын өкмөтү санкцияга илинген орусиялык олигарх Роман Абрамовичтин Лондондогу “Челси” футбол клубун 5,33 млрд. долларга америкалык инвестициялык топко сатуусуна лицензия берди.
Британ спорт министри Надин Доррис Твиттердеги баракчасына “өкмөт сатуудан түшкөн акча Роман Абрамовичтин же санкцияда турган башка адамдардын пайдасына жумшалбай турганын канааттануу менен кабыл алды” деп жазды.
“Украинадагы кандуу кол салууга жана Путинге байланыштуу кишилерге санкция салганыбызды эске алып, клубдун узак мөөнөттүү келечеги анын жаңы ээсинин тушунда гана камсыз болору анык”,-деп кошумчалады ал.
Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Британия Орусияга санкцияларын кеңейткенден кийин, марттын башында миллиардер Роман Абрамович англиялык "Челси" футбол клубун сата турганын жарыялаган. Ишкер клубду сатуудан түшкөн акча Украинадагы согушта жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлө турган кайрымдуулук фондуна жумшаларын билдирген.
Клубду америкалык Los Angeles Dodgers бейсбол клубунун кожоюндарынын бири Тодд Боли Clearlake Capital компаниясынын колдоосу менен сатып алды. Абрамовичтин активдери мартта катырылгандан кийин клубду сатуу мамлекеттик лицензия менен ишке ашты. Келишимди премьер-лиганын жетекчилери да жактырды.
Абрамович "Челсини" 2003-жылы 140 миллион фунтка сатып алган. Андан бери бул клуб 21 жолу ар кыл титулдарды утуп алды. (ErN)