Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:26

"Ислам эркин ой жүгүртүүнү чектебейт"


Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китебинин бет ачары өттү. Китепте автордун азыркы коомчулуктагы диний, социалдык жана башка көйгөлөр боюнча жазган макалалары топтоштурулган. Окурмандар арасында китепке жылуу пикирин айткандар менен катар эле автордун эмгегин сындагандар бар.

Китептин мазмуну, анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу Элмурат Кочкор уулу менен маек курдук.

- Элмурат, студияга куш келипсиз. Эң оболу тырмак алды эмгегиңиздин жарык көрүшү менен куттуктайбыз. Эми ошол китеп, андагы камтылган маселелер тууралуу сүйлөшсөк. Эгемендиктин алгачкы жылдарында коомдо идеологиялык боштук пайда болуп, ар түрдүү саясий жана рухий таасирлерди ээрчип кеткендер, ар кандай конфессиялардын жетегинде калгандар көп болгону тууралуу айтып келебиз. Сиздин эмгек дал мына ушул боштуктун кесепети, андан чыгуунун жолдору жөнүндө жазылыптыр.

- Туура байкапсыз. Кээ бир нерселер болот эмеспи, убагында жашап өтөсүң, бирок анын маанисин, баркын бир топ жылдан кийин аңдап-түшүнөсүң. Менде дагы ушундай болду деп ойлойм. Негизги бул китепте камтылган маселелер, жагдайлар тууралуу бала кезимде, мектепте окуп жүргөндө эле ойлоно баштагам. Анткени мечитке каттап, молдодон сабак алчумун. Ал жерде диний маселелер жөнүндө көп укчубуз. Ошондо мени анча ынандыра албаган, мени түйшөлткөн же ой-пикириме кайчы келген нерселер болор эле.

Бирок элет жери болгондуктан, ал учурда муну сурап тактап ала турган, аныгына жете турган эч ким жок болчу. Атам менен апамдан сурачумун. Албетте, алар өз дараметине жараша жооп берчү. Ошентип, мени жооп таба албаган, акыл-көрөңгөм менен аңдап биле албаган "кантип эле ушундай болсун", "эмне үчүн мындай" деген суроолор сарсанаа кылчу. Ал эми Анкара университетине магистратурага барганда бул суроолорго жооп табууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал жакта диний жааттагы илимий булактар кеңири экен, ислам дүйнөсүнө таанылган аалымдар, биз тамшанып китебин окуп жүргөн доцент, профессорлор ошол жерде сабак берет экен. Алар менен жакындан таанышкандан кийин мен үчүн дин таануунун жаңы эшиги ачылып, башкача деңгээлде ойлоно баштадым.

Бул усулдук китеп эмес. Мен биздин коомго тымызын тамыр сайып, ар тараптан ыдыратып жаткан түшүнүктөрдү, окуяларды, жагдайларды өз-өзүнчө талдап, ошолор боюнча - исламда бул мындай эмес, муну бөлөк ыңгайдан деле түшүндүрсө болот дегендей өзүмдүн ой-пикиримди айттым. Жалпысынан, биздеги талылуу маселелерди чечмелеген, практика жүзүндө элге жардам бере турган китеп болду десем болот.

Ооба, мен сизге жүз пайыз кошулам, дал ошол идеологиялык боштуктан улам ар кандай баалуулуктарды ээрчип кеттик. Тилекке каршы, диний-исламий баалуулуктар деле ар кандай агымдардын, ар кандай жамааттык, конфессиялык түшүнүктөрдүн деңгээлинен көтөрүлө албай, ошолордун чектөөсүндө калып кетти. Бизди ушул нерселер кыйнап келди.

- Китептин негизги өзөгүн агартуу, динди кантип таануу керек деген маселе түзөт турбайбы?

- Ооба, диний агартуу десе бизде мечитке барууну жана диний жөрөлгөлөрдү эле түшүнүшөт. Бул китепте баланын тарбиясы, үй-бүлөлүк ынтымак, кандай болгондо бекем үй-бүлө түптөлөт - мына ушулар жөнүндө жакшы макалаларым бар. Саясий жана маданий сабаттуулукту көңүлгө туткан да макалаларым бар. Мен негизи диний жана саясий-маданий чөйрөнү эки бөлөк чөйрө деп түшүнгөн туура эмес деп ойлойм. Себеби бөлөк бардык диндердей эле ислам дининин түпкү максаты - адамды бактылуу кылуу да. Бул ыңгайдан алганда бактылуулук диний чөйрө менен эле чектелбейт. Баланы туура тарбиялоо да ибадат, ошол эле учурда үй-бүлөнүн ынтымагы, үй-бүлөдөгү жылуу-жумшак мамиле да ибадат, коомдо ууру-кескилердин напсисин тыйып, жалпы элдин пайдасына иштей турган саясий тутумду түзүү да чоң ибадат. Башкача айтканда, элге кылган кызматың - Кудайга кылган ибадатың.

"Ислам - илим-билимдүүлөрдүн китеби" деген эмгегимде ушул темаларга дагы орун бердим. Эгер биз элге, жерге кызмат кылып, жарыкчыл ойлоно турган болсок - жакшы иш, ал эми диний жааттан алганда - сооп иш. Мен ушул маанидеги өзүмдүм ой-пикирлеримди кагазга түшүрүп, коомчулуктун назарына сундум.

- Демек, бала кезден эле диний чөйрөгө жакын өсүпсүз да?

- Туура, үйдөгү тарбия, ата-энемден улам ушундай болду.

- Азыр ата-энеңиз сиз жазгандарды окуйбу? Алар кандай көз карашта?

- Апам 2018-жылы бул дүйнөдөн өтүп кетти. Атам тирүү. Теология боюнча окууга өтүп, көп нерселерди түшүнө баштаганда "силер көп нерселерди жоромолдоп эле туура эмес түшүнөт экенсиңер" деп айтсам апам жактырчу эмес. "Сен айнып кеттиң, түрктөр ансыз да сакал койбойт" деп нааразы болду. Бирок улам барган сайын талыктай талашып-тартыша бердим, билгендеримди кулагына куя бердим. Акыркы курста окуп жүргөнүмдө апам бир окуяга туш болуптур. "Мен башкача ойлоп жүрдүм эле, өткөндө биздин башыбыздан мындай окуя болуп өттү - сенин айтканың туура окшойт" деп калды. "Биздин молдо мурда минтип айтты эле, кийин минтип айтты, мен ошол тууралуу сурасам жооп таппай калды, анын айткандары мени ынандыра алган жок" деди. Ошондон баштап буга чейин өзүнө таңууланып келген, чектөөдө калып кеткен ислам түшүнүктөрүнүн туңгуюгун аңдап-баамдай баштады. Менин жазгандарымды окуп, сен туура эле жолдо кетип баратыпсың деп сүйүнүп калган. Тилекке каршы, тагдыр экен бул жарыктан өтүп кетти. Эми бул китебимди атама окутуп, анын ой-пикирин билейин деп жатам.

- Муну сураганым, коомдо каршы пикирлер, сиздин жазгандарыңызды кабыл албагандар да көп болуп жатпайбы. Сизде коомчулук китепти кандай кабыл алат деген чочулоо сезими болдубу? Анткени бул маселе көп талкууланып жатат деген менен аттуу-баштуу кишилер атайын эмгек арнап, батынып жазып чыккан учуру боло элек эле.

- Ачыгын айтканда, чочулоо болду. Мен эгер муну жазбай койсом элге жаман көрүнбөйм, бирок бул маселе жазылбай, дагы да айтылбай кала берет. Ал эми китеп кылып чыгарсам тепкиге алгандар көп болот, ошол эле учурда аз болсо да мени туура кабыл алгандар, түшүнгөндөр, колдогондор, бул маселе эбак жазылышы, айтылышы керек болчу дегендер да чыгат деген эки анжы ойдо калдым. Мага экинчи топтогу кишилердин ой-пикири маанилүү болчу. Ошол себептүү тобокелге барып жаздым.

Элмурат Кочкор уулyнун "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китеби.
Элмурат Кочкор уулyнун "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китеби.

- Ошол көз караштардын карама-каршылыгы тууралу кеп кылсак. Айт намазда президент "динди маданиятка, каада-салтка каршы койбогула" деген чакырык менен элге кайрылды. Кыргызстанда секулярдуулук менен диндер, динчилдер ортосундагы тирешүүгө көп эле күбө болуп келүүдөбүз. Өзүңүзгө белгилүү болгондой, социалдык тармактарда ачык эле ажырым байкалат. Түтүмдүү мамиленин жоктугуна эмне себеп деп ойлойсуз?

- Бул маселе көптөн бери менин тынчымды алып келет. Жиктешүү барган сайын күчөп баратканын көрүп-билип жатам. Мен аңдап-түшүнгөн исламда, ислам принциптеринде бир элдин каада-салтына, иденттүүлүгүнө каршы келген радикалдуу нерсе жок. Бирок коомдо сиз айткандай неге эриш-аркак кетпей жатат, бирин-бирин жектеп, алака-катыш түзүлбөй жатат? Менимче, буга конфессиялык деңгээлде гана ойлонгон диний топтордун катмарынын калыңдап кетиши себеп болууда. Алар бир эле учурда улуттук баалуулуктарды жерип, "бул жамаат мындай, тигил жамаат тигиндей" деп, ич ара да тирешүүдө. Мунун аягы тыйылбайт. Анткени башка, дүйнөлүк мусулман коомун эске ала турган болсок, мындай майда, бытыранды жамааттарга бөлүнүп араздашкандар өтө көп. Бул жамааттарды бир нече гана адам башкарат жана алар ошол кишилердин саясий кызыкчылыктары үчүн гана күрөшөт. Алар коомчулуктун, жалпы элдин таламын талашпайт. Ушул сыяктуу топтор биздин улуттук иденттүүлүккө атайын каршы чыгат деп айтыш кыйын, бирок алардын жашоо жолою, дүйнөгө болгон көз карашы ошол: менден башкасыныкы ката дейт.

Салттуу исламды тутунабыз, Имам Матуридинин, Имам Азамдын масхабын ээрчийбиз деп айтып жүрүшөт. Мына ошол салтуу исламдын пирлеринин бири Имам Матуриди "Китаби таухид" деген китебинин биринчи сүйлөмүндө: "Биз акылга таянып сүйлөшөлүбү же накылга таянып сүйлөшөлүбү?" - деп суроо коёт. ("Накыл" деген сөз ислам терминологиясында тексттин ичиндеги далил дегенди билдирет). Эгер накыл менен сүйлөшсөк дейт ал, анда Курандын да контекстинен сууруп алып, бири-бирине каршы келген аяттарды табыш мүмкүн дейт. Хадистерден да өзүнүн кызыкчылыктарына жараша тексттерди контексттен үзүп алып же диний булактарга кийин кирип калган хадистерди ар кандай пайдаланса болот. Бул тарыхта болуп келген. Имам Матуриди ошолорду көрүп-билип туруп эгер накыл менен б.а. тексттин ичиндеги далилдерге таянып сүйлөй турган болсок, анда ар ким өзүнө жаккан аятын, өзүнө жаккан хадисин бетке кармай берсе, баарлашуу болбойт дейт. Ал бизде бир эле жол бар, акылга таянып гана сүйлөшүү керек деп өз оюн улантат. Демек, конфессиялык деңгээлден өйдө боло албай жаткандардын шору мына ушунда.

- Мен жана сураганда эмне үчүн түтүмдүү мамиле, т.а. сабырдуулук жок деп жатпаймынбы, балким, сабырдуулук эки тарапта тең жок болуп жатпасын?

- Ырас айтасыз, эки тарапта тең аша чапкандар бар. Оор басырыктуу болуп, диалогго келели, адамча сүйлөшөлү дегендер да жок эмес, бирок чектен чыккандар басымдуулук кылып жатат. Биздики гана туура, ким айтса да, кайсы китепте жазса да башкалардыкы туура эмес дегендер диалогго бут тосуп жатат. Диалог жок жерде сабырдуулук жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Ошентип, эки тарапта тең андайлар бар. Ислам динин тутунуп жашагысы келгендерди "булар арабдарды ээрчип, алардын кулу болуп кетти" дегендер бар, ошол эле учурда "сен мага окшоп ойлонбосоң, шарият жолунда жүрбөсөң каапырсың" деп аларды жектегендер бар. Аларды көзөмөлдөш, ыктымакка чакырып, мунасага келтириш - узак мөөнөттө, бир гана агартуу менен ишке аша турган нерсе.

- Сиз айтып жаткандай, бардык маселеге келгенде агартуу анын пайдубалы болот экен. Агартууну, маданиятты жолго коймоюн, билим берүүнү жакшыртмайын көп нерсени өзгөртүү дегеле мүмкүн эмес сыяктуу. Учурда Кыргызстандагы диний таалим-тарбия жагы кандай деп ойлойсуз?

- Жалпы билим берүү мекемелери (тилекке каршы, буга университеттер да кирет) конфессиялык деңгээлден толугу менен көтөрүлө алды деп айтыш кыйын. Ал эми медреселерди түшүнсө болот. Алар конфессиялык эле деңгээлде болот. Биз салттуу ислам деп айтып жаткан Имам Матуриди акыйдасын, Имам Азам Абу Ханифанын мазхабын тутунуп жашоону гана окутушат. Бирок алар ошол сызыктан чыкпай окутуп жатабы, принциптер канчалык так сакталып жатат, окуткан мугалим өзү Имам Азам Абу Ханифанын, Матуридинин жолун канчалык так түшүнөт - айтыш өтө кыйын. Мен эмне үчүн минтип айтып жатам, биз билгенден исламда төрт эң чоң масхаб бар, алардын бири - биз салтуу дин катары тутунган ушул Абу Ханифанын масхабы. Төртөөнүн ичинен эң даанышманы - ушул адам. Ал акыл-эске, логикага таянган инсан болгон. Ал жашаган аймак Мекке менен Мединадан алысыраак болчу. Ошол себептүү бул кишиге хадистердин, пайгамбардын жашоо-шарты жөнүндө маалыматтардын өз убагында жетиши кыйыныраак болгон. Жанында фарсы маданияты, грек маданияты, Улуу Жибек Жолунун кесилишүүсү жакындап калгандыктан, Кытай, Чыгыш маданияты бар эле. Мына ошол маданияттар тогошкон жерде алар менен теңтайлашуу үчүн бул киши акыл-эске, илим-билимге, логиканын принциптерине таянган. Анын масхабы ушинтип калыптанган.

Мугалимдер канчалык түшүнүп жатат деп суроо койгонумдун себеби биз салттуу исламды окутуп жатабыз деген медреселердин окуучуларынын көпчүлүгү "динде акыл-эске орун жок, өз алдынча ой жүгүртүүгө болбойт, устаздардын гана айтканын аткарып, алардын жолунунан чыкпаш керек" деген түшүнүк менен жашайт. Тилекке каршы, өздөрүн диний лидер деп атап жүргөн алардын устаздары деле ушинтип ойлогону мени капа кылат. Албетте, менин тынчымды алган мындан да чоң маселе университеттерде деле (мен билгенден бүгүн төрт бөлүм бар, бирөө - кафедра) - конфессиялык деңгээлден академиялык эркин деңгээлге көтөрүлүп, исламды илим катары окута турган жерде - ушул көрүнүш. Алардын "кой, тынч эле жүрөлү" дегени мени катуу өкүндүрөт.

- Демек, сиз өз китебиңиз аркылуу мусулман адамы илим-билимдүү, сабырдуу, маданияттуу болушу керектигин ислам баалуулуктарын негиз тутуп айтып берейин депсиз да?

- Ооба, менден "сен эмне үчүн китебиңди "Ислам - илим-билимдүүлөрдүн дини" деп атадың, ал билимсиздердин дини эмеспи?" деп сурагандар да болду. Мен ислам - илим-билимдүүлөрдүн дини деп жатам. Ислам агартуунун дини экендигине далилдер көп, мен да өз дараметиме жараша бул эмгегимде муну ырастоого аракет кылдым. Тилекке каршы, акыркы жылдарда бизде Кыргызстанда эле эмес, жалпы дүйнөдө исламды жаманатты кылган, исламды каралаган окуялар орун алууда. Буга жалпыга маалымдоо каражаттары да шыкакчы болуп жатат.

Диний билими тайкы, чыныгы ислам кандай экендигинен кабары жок кимдир бирөө кандайдыр бир жаман иш жасаса, нааданчылыкка жол берсе жалпы мусулмандарды күнөөлөп, сакалчан бирөөнүн же оронгон бир аялдын сүрөтүн чыгара коюшат.

Ал эми өзүбүздүн өлкөнүн ичиндеги абалды ала турган болсок, илим-билимге, маданиятка, өз алдынча ой жүгүртүүгө каршы чыккан, балдарын мектепке жибербей койгондор бар. Театрга, китепканаларга каттагандар кескин азайып, ошол эле учурда мечиттерге каттагандар көбөйдү.

- Сиздин китеп жарык көргөндөн кийин ал тууралуу социалдык тармактарда айтылган айрым пикирлерди мен да окудум. Сизди салттуу исламга каршы деп айыптагандар да болду. Китептин бет ачарында, дегеле ушул китеп басылып чыккандан кийин өз пикирин айткан аттуу-баштуу кишилер болдубу? Маселен, дин аалымдарынан дейли.

- Мен күттүм эле, бирок алар келбеди. Мага бейтааныш бир такыба жигит келди. Китепте айтылгандардын жарымы туура, жарымы туура эмес экенин айтты. Бирок техникалык тил менен элди чарчатпайын деп ага жооп бергеним жок. Негизи Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан, Муфтияттан келишсе сонун болмок. Диний агартуу жаатында лидер катары таанылган кишилер келип, китеп боюнча өз ой-пикирлерин айтканда жакшы болот эле. Мени субъективдүү көз караштасың деп айыпташты.

Мени субъективдүү деп айыптагандардын өздөрү канчалык объективдүү? Кудайдын атынан түз сүйлөп жаман үйрөнгөндөргө "менин оюмча" деп жазганым жакпаптыр. Менин оюмча дегеним – бул сыпайылык да. Менин оюмча деп сүйлөө илимий чөйрөдө сыпайылык катары жогору бааланат, ал эми булардын чөйрөсүндө менин оюмча деп сүйлөгөнүң билбей эле сүйлөп жатат деп кабылданат экен. Мен Курандагы, сүннөттөгү нерселерди окуп туруп жаздым. Ошондо да Элмураттын башына кирип, анын калеминен чыкканы үчүн бул субъективдүү.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:

"Ислам эркин ой жүгүртүүнү чектебейт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:10 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG