Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Садыр Жапаров менен Дональд Лу журналист Болот Темиров тууралуу сүйлөштү


АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке сапары учурунда президент Садыр Жапаров менен Болот Темиров тууралуу маектешкенин, Жапаров көз карандысыз маалымат каражаттарын жана коррупцияга каршы иликтөөлөрдү колдоону убада кылганын “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Дональд Лу Кыргызстанды өзгөчөлөнтүп турган нерсе – бул эркин медиа, күчтүү жарандык коом жана өз укуктарын коргоого даяр жаштар экенин белгиледи.

Маселен, мен президент Жапаров менен Болот Темиров тууралуу жакшы маектештим, ал эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарын жана коррупцияга каршы иликтөөлөрдү колдоону убада кылды. Биз кыргыз өкмөтү менен диалогду улантабыз”, - деди АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу.


Быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки к
үндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз
өтүү боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Журналистке баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет. Күч органдары мындай дооматтарды четке каккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма с
өз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтө турганын билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG