Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:43

Жогорку Кеңештин социалдык комитетинде төрайым алмашты


Винера Раимбачаева.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде төрайым алмашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык аталган тармактык комитетти жетектеп келген депутат Динара Ашимова өз каалоосу менен төрайымдыктан кеткен. Комитеттин жаңы төрайымы болуп, депутат Винера Раимбачаева шайланган.

Жашыруун добуш берүүнүн негизинде 66 депутат макул, 10 депутат каршы добуш берген.

Социалдык саясат боюнча комитетинин акыркы эки жыйыны кворум жоктугуна байланыштуу өтпөй калган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG