Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Кыргыз-казак президенттеринин тар чөйрөдөгү жолугушуусу башталды


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Бишкекте "Ала-Арча" резиденциясында президент Садыр Жапаров менен казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тар чөйрөдөгү жолугушуусу жабык өтүп жатат. Анда эки өлкөнүн алака-катышына байланыштуу маселелер талкууланып, бир катар документтерге кол коюлат.

Токаев Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанга расмий сапар менен келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды.

Ал 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Бишкектеги жыйын видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.

2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

XS
SM
MD
LG