Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:22

УКМК: Жумгал райондук соттун судьясына кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Нарын облусунун Жумгал районунун А.А. аттуу судьясына жана аталган райондун О.Ж. аттуу прокурорунун орун басарына Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматта тергеп-иликтөөдө "опузалап пара алуу фактысы аныкталып, кылмышка шектүүлөр пара алып жаткан жеринен кармалган" деп жазылган. Прокурордун орун басары УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды.

Өткөн аптада Башкы прокуратура Жумгалда судья менен прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Мындан көп өтпөй эле Соттор кеңеши бул маалыматты төгүндөгөн. Бирок Башкы прокуратура бул билдирүүнү кайра жокко чыгарган жана судьяны жоопко тартууга Соттор кеңешинин макулдугу керектигин белгилеген.

Президент Садыр Жапаров апрель айында судьяларды ротациялоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Документте жергиликтүү судьялардын орун которушунун башкы максаты жең ичинен келишип алганды токтотуп, сот системасындагы жемкорлукту азайтат деп жазылган. Анын алкагында жергиликтүү соттордун 312 судьясы орун которгон.

Жумгалда кылмыш иши козголгон судья кайсы региондон которулуп келгени азырынча беймаалымк.

2021-жылы жергиликтүү жана Жогорку Соттун айрым судьяларына кылмыш иштери козголгон. Алардын көпчүлүгү коррупцияга байланыштуу айып коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG