Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Путин атындагы чокуга Украинанын желеги илиниши боюнча альпинисттер суракка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусундагы Путин атындагы чокуга Украинанын желеги илинген видеону тарткан альпинисттер суракка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Текшерүүнүн алкагында укук коргоо органдарына аталган аймактын токойчусу 24-майда кечки саат 7.30 чамасында чокуга бараткан эки альпинистти көргөнүн айткан. Укук коргоо кызматкерлери альпинисттердин тек-жайын аныктап, суракка алганда алар чокуга чыкканда илинген желекти көрүшкөнүн, аны видеого тартып алышканын айткан.

Милиция учурда бул иштин жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын, аталган факт маалымат журналына катталганын билдирди.

Буга чейин Путин чокусунда Украинанын желеги илинген видеонун авторлорунун бири Светлана милиция суракка чакырганын билдирген.

Путин чокусунда жайгашкан Украинанын желегин альпинисттер 24-майда көргөн. Светлананын айтуусунда алар Орусиянын жарандары, бирок акыркы үч жылдан бери Кыргызстанда жашайт.

Владимир Путин атындагы чоку Кыргыз Ала-Тоосу ири тоо кыркасынын Чүй облусунун Москва районундагы Жар-Таш суусунун башатында жайгашкан. 4446 метр бийиктикте орун алган. Чокуга Путиндин атын берүүнү 2010-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев демилгелеп, 2011-жылы кол коюлган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG