Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Сенегалда ооруканадагы өрттөн 11 ымыркайдын өмүрү кыйылды


Он күндүк ымыркайынан айрылган эне, Сенегал. 26-май, 2022-жыл.
Он күндүк ымыркайынан айрылган эне, Сенегал. 26-май, 2022-жыл.

Сенегалдын батышындагы Тивауана шаарындагы ооруканада чыккан өрттөн 11 ымыркайдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу өлкө президенти Маки Салл Твиттерге жазып, көңүл айтты..

"Мен жаңы эле оорукананын неонатология бөлүмүндө чыккан өрт жаңы төрөлгөн 11 ымыркайдын өмүрүн алганын угуп, өтө кайгырып, өзүмө келе албай турам",-деп жазды Маки Салл.

Саламаттык сактоо министри Абдулай Диуф Сарр билдиргендей, алдын ала иликтөөлөр өрттүн тутанышына электр зымдарындагы авария себеп болгонун көрсөткөн.

Сенегалдын ооруканаларында буга чейин да адам өмүрүн алган кырсыктар болгон. Өткөн жылы шаарлардын бириндеги ооруканада чыккан өрт төрт ымыркайдын өмүрүн алган.

Саламаттык сактоо жаатындагы адистер буга чейин эле өлкөдөгү ооруканалар коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда бейтаптарга толуп, коопсуздук эрежелери сакталбай калганын эскертип келишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG